Сооронбай Жээнбеков Ирандын Президенти Хасан Роуханиге көңүл айтты

Автор -

Сооронбай Жээнбеков Ирандын Карадж шаарындагы «Фатх» аба майданында Boeing-707 учагынын кыйроого учурашынан улам жарандардын курман болгонуна байланыштуу Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Роуханиге көңүл айтты.

«Карадж шаарындагы „Фатх“ аба майданында учактын кыйроого учурашынан жарандардын курман болгону тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, кырсыктан жапа чеккендердин тезирээк сакайып кетишин каалайм», — деп айтылат Мамлекет башчысынын көңүл айтуу телеграммасында.

Белгилей кетсек, 14-январда Иранда кулап түшкөн Boeing 707 үлгүсүндөгү жүк ташыган учак Кыргызстандан учуп чыккан.

ЖМКлардагы маалыматтарга караганда, кырсык курмандыктарынын саны 9дан 16га чейин жетиши мүмкүн.

10 киши мерт кетти… Бишкектен Иранга каттаган учак Тегеранганда кулап түштү

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү