Жалал-Абад шаарындагы батирлердин биринен 70 жаштагы кишинин сөөгү табылды

Автор -

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 14-январь күнү саат 15:16да КР ӨКМнин №58 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Акбаров көчөсүндө  жайгашкан №4 үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен.

Батирдин ичинде 1949-жылы туулган В.Е. аттуу эркек кишинин сөөгү табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү