Президент Мамлекеттик ипотекалык насыялоо программасын ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты

Автор -

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-январда Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) төрагасы Бактыбек Шамкеевди кабыл алды.

Мамлекеттик ипотеканы берүүдөгү пайыздык ченди азайтуу, ипотекалык насыяларды берүүнүн процессин жана механизмдерин жакшыртуу маселелери талкууланды.

МИК төрагасы Бактыбек Шамкеев Мамлекеттик ипотекалык насыялоонун программасын ишке ашыруу боюнча пландар тууралуу айтып берди.

Анын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө коммерциялык банктар аркылуу ипотекалык рынокко узак мөөнөттүү ресурстарды киргизүү ишке ашырылууда, ал ипотекалык насыялоонун 30% түзөт. Өнөктөш банктар аркылуу ипотекалык рынокко кошумча ресурстарды тартуу үчүн ипотекалык баалуу кагаздар чыгарыла баштады.

Мындан тышкары МИК 2019-жылдын апрель-май айларында Нарын жана Бишкектеги эки пилоттук үйдүн курулушун аяктап, аларды кийин сатып алуу мүмкүнчүлүгү менен ижарага берүү механизми катары колдонушат.

Бүгүнкү күндө 11 млн еврого долбоорду каржылап, биринчи фазасы ийгиликтүү ишке ашса, дагы 9 млн евро каржылоого даяр болгон. Немец өнүктүрүү банкы менен иш жүрүп жатат. Бул каражаттар аймактардагы социалдык турак жай курууга жумшалат. Мындан тышкары Азия өнүктүрүү банкы жана башка эл аралык фонддор жана уюмдар менен МИКтин долбоорлорун каржылоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Мамлекет башчысы Ипотекалык насыялоонун мамлекеттик программасынын маанисин белгилеп, пайыздык ченди азайтуу, кошумча ресурстарды табуу жана тышкы инвестициялардын эсебинен мындан да көп калктын катмары программага кошула тургандай, анын кеңейиши керектигине көңүл бурду.

Президент Сооронбай Жээнбеков бюджеттегилердин өзгөчө аяр тобу жана социалдык чөйрөнүн кызматкерлери үчүн ипотекалык насыялоо боюнча атайын программа керектигине көңүл бурду.

Маалымдама: 2018-жылдын 31-декабрына карата бюджеттик тармакта иштеген жарандарга 4,287 млрд сом өлчөмүндө 3799 ипотекалык кредиттер берилген. КР Өкмөтү бөлүп берип жаткан ссуданын 3 млрд 800 млн сому өздөштүрүлдү. Мамлекеттик ипотекалык насыялоо программасы аркылуу насыяларды берүү үчүн да колдонулуп жаткан негизги капитал 321 млн сомго куралган.

МИК 7-9 жылдык пайыз менен ипотекалык насыяларды берип жатат. 6-8 пайызга кыскартуу 2019-жылдын 4-кварталына пландалууда.

Бөлүшүү