Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Мыйзамга кол коюлду

Автор -

Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 28-ноябрында кабыл алынган.

Мыйзам мамлекеттик жарандык кызматкерлерге жана муниципалдык кызматкерлерге педагогикалык, илимий же башка чыгармачылык ишти жүзөгө ашырууга уруксат берүүчү айрым ченемдерди тактоо максатында кабыл алынган.

Кабыл алынган өзгөртүүлөргө ылайык «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 19-пунктунда каралган мамлекеттик жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын кошумча төлөнүүчү тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү билим берүү, эксперттик, илимий жана башка чыгармачылык иштер менен алектенүүгө укуктарын ыктыярдуу патенттин негизинде иш алып барууга мүмкүнчүлүк берилет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Бөлүшүү