Элчи Жусупов Венгриянын Тышкы иштер жана соода министрлиги менен жолукту

Автор -

ТИМдин маалыматына ылайык,  16-январда Вена шаарында КРдин Венгриядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Бакыт Жусупов Будапешт шаарына иш сапар менен барып, Венгриянын Тышкы иштер жана соода министрлигинин, Адам ресурстар боюнча министрлигинин жана Эксим Банктын жетекчилиги менен жолукту.

Элчи Жусупов Венгриянын Тышкы иштер жана соода министрлигинин мамлекеттик катчысынын орун басары Цецилия Силаш менен саясий, экономика жана билим чөйрөсүндө эки өлкөнүн кызматташуусун жана Венгриянын премьер-министри мырза Виктор Орбандын 2018-жылда Кыргызстанга болгон расмий сапарынын жыйынтыктарын ишке ашыруусун талкуулады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-венгер комиссиясынын өкмөттөр аралык биринчи жыйынын 2019-жылы өткөрүүнүн мөөнөтүн макулдашты жана аталган жыйындын алкагында кыргыз-венгер бизнес форумун уюштуруу мүмкүнчүлүгүн талкуулады.

Ал Венгриянын Адам ресурстар боюнча министрлигинин мамлекеттик катчысы П.-Т. Орсолиа менен Венгриянын жогорку окуу жайларында 2019-жылдан тарта окууну каалаган КРдин жарандары үчүн квоталык орундарды көбөйтүүнү практикалык ишке ашыруу маселеси талкууланды.

Элчи  Венгриянын Экспорт жана Импорт Банкында экономиканы өнүгүү долбоорлорду каржылоо боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүгүн талкуулады.

Бөлүшүү