Бишкекте кытайларга каршы митингдин катышуучуларына айыппул салынды

Автор -

Бишкекте кытайларга каршы митингдин катышуучуларына айыппул салынды. Бул тууралуу ШИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-январда кармалган митингчилерге Эреже бузуулар кодекси боюнча 3000 сомдон айып пул салынган.

Эске салсак, кечээ күнү Бишкектин Ала-Тоо аянтында легалсыз иштеген кытай мигранттарына каршы митинг болду.

Акцияны «Кырк чоронун» активисттери уюштурган. Митинге кыймылдын лидери Аманбол Бабакулов модераторлук кылган. Бабакуловду да милиция кармап кеткен.

Биринчи май районунун акими Токтосун Султанов жана ТИМдин консулдук департаментин директору Алмаз Имангазиев митингчилер менен жолугушууга келген.

Бөлүшүү