Трамп «шатдаунга» байланыштуу Конгресс спикеринин сапарларын токтотту

Автор -

АКШ президенти өкмөттүн иши токтоп тургандыгына байланыштуу Конгресс спикери Нэнси Пелоси Брюссель, Египет жана Ооганстанга боло турган сапарларын кийинкиге жылдырышы керектигин билдирди. Трамптын бул тууралуу жазган катынын көчүрмөсү Ак үйдүн Твиттер баракчасына жарыяланды.

Анда президент спикер «шатдаун» аяктагандан кийин аталган өлкөлөргө сапарга барса болорун белгилеген.

Посмотреть изображение в Твиттере
«Бул мезгил аралыгында Вашингтондо мени менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бюджеттик каатчылыкты токтотуу үчүн дубал курууну колдогон кыймылга кошулсаңыз жакшы болот деп ойлойм», — деп жазды Трамп. Ошондой эле өз билдирүүсүндө ал Пелоси сапарга коммерциялык каттам менен учуп барса болорун белгилеген.

29-январда Трамп Конгресск ар жылкы кайрылуусу менен чыгышы керек. 16-январда Пелоси «шатдаунга» байланыштуу президенттен кайрылуусун кийинкиге жылдырууну өтүнгөн. CNN телеканалы Ак үйдөгү өз булактарына таянуу менен Трамп кайрылуусун жылдырбай турганын билдирген. Бирок президентти Конгресске чакыруу чечимин спикер гана кабыл ала алат.

Трамп өлкөнүн түштүк чек арасына дубал куруу үчүн Конгресстен беш миллиарддан ашык доллар сураган. Бирок Конгрессте көпчүлүктү түзгөн демократтар ал долбоорду каржылоого макулдук берүүдөн баш тартышкан. Мындан улам федералдык өкмөттүн иши жарым-жартылай токтоп калган.

11-январда 800 миңден ашык федералдык жумушчу ошол күнү төлөнүшү керек болгон айлык акыларын ала алышкан эмес.

Бөлүшүү