Трамп менен Зеленскийдин сүйлөшүүсү боюнча экинчи информатор пайда болду

Автор -

АКШда президент Дональд Трамп менен Украина лидери Владимир Зеленскийдин июлдагы телефондук сүйлөшүүсү боюнча экинчи информатор пайда болду. Бул тууралуу адвокат Марк Зайд билдирди.

Ал экинчи информатордо Трамп менен Зеленскийдин сүйлөшүүcү тууралуу тагыраак маалыматтар бар экенин белгиледи. Анын айтымында, маалыматка ээ адам АКШдагы атайын кызматтардын биринде иштейт.

Марк Зайд — Трамп менен Зеленскийдин Жо Байден тууралуу сүйлөшүүлөрүн ачыкка чыгарган биринчи чалгын кызматкеринин да адвокаты. Мурдараак Ак үй эки президенттин телефондук сүйлөшүүсү жазылган стенограмманы жарыялаган. Анда Трамп менен Зеленский мурунку вице-президент Жо Байден менен анын уулу Хантер тууралуу пикир алмашкан.

Өткөн жума күнү Трамп Кытай бийлигин дагы Жо Байдендин бул өлкө менен ишкердик байланышы бар уулуна карата тергөө иштерин баштоого чакырган. Буга байланыштуу республикачы сенаторлор Митт Ромни, Бен Сасс жана Сюзан Коллинз тынчсыздануусун билдирип, Трамп башка өлкөлөрдөн 2020-жылы кайра шайлануусуна жардам берүүнү өтүнүп жатканын айтып чыгышкан.

Трамп менен Зеленскийдин телефондук сүйлөшүүсүнүн мазмуну ачыкка чыккандан кийин Конгресстеги демократтар Трамп президенттик кызматын жеке өзүнүн саясий кызыкчылыгы үчүн пайдаланган деген жыйынтыкка келишкен. Натыйжада Өкүлдөр палатасында Дональд Трампка каршы импичмент жарыялоо демилгеси көтөрүлгөн.

Бөлүшүү