Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2019-жылдын 21-январь күнү саат 15:15те Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Ош облусунун Өзгөн районунун Мырза-Аке, Чымбай, Өзгөн, Кароол айылдарында — 3 баллга, Красный Маяк, Кара-Кочкор, Кеңеш, Кандава айылдарында – 2,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.