Ош облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Автор -

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын  Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2019-жылдын 21-январь күнү саат 15:15те Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Ош облусунун Өзгөн районунун Мырза-Аке, Чымбай, Өзгөн, Кароол айылдарында — 3 баллга, Красный Маяк, Кара-Кочкор, Кеңеш, Кандава айылдарында – 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү