Медицина багытындагы сымаптуу буюмдарды тейлөө иштери ченемдик — укуктук жөнгө салынат

Автор -

Кечээ, 21 – январдагы жыйынында Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети  “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүн экинчи окууда карады. Долбоордун максаты Кыргыз Республикасынын аймагында саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык калдыктарды жана медицина багытындагы  сымаптуу буюмдарды тейлөө жаатындагы иштерди ченемдик — укуктук жөнгө салуу болуп эсептелет.

«Колдонуудагы мыйзамда Кыргыз Республикасынын аймагындагы медициналык калдыктар жана медицина багытындагы  сымаптуу буюмдар менен иштөөнүн тартибин аныктоочу  мамлекеттик орган менен ушул багытта иштөөнүн тартиби жок болгондуктан, «Коомдук саламаттыкты сактоо жөнүндөгү» мыйзамды кайрадан карап чыгуу зарылдыгы келип чыкты», — дейт демилгечилер.

Талкуу соңунда “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү экинчи окууда комитеттин жактыруусуна ээ болду.