Талас шаарында 42 жаштагы кишини топурак басып калды

Автор -

ӨКМдин маалыматына ылайык,  21-январь күнү саат 11:31 чамасында А.Огомбаев көчөсүндө жайгашкан турак үйүнүн короосунда 1977-жылы туулган А. Н. аттуу жаран кудук казып жаткан учурда топурак урап кетип басып калган.

КР ӨКМнин №17 Аскерлештирилген өрт –куткаруу кызматынын куткаруучулары маркумдун сөөгүн чуңкурдан казып чыгарышып, туугандарына өткөрүп беришкен.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү