Президент Түркиянын Улуу улуттук жыйынын депутаттары менен жолугушту

Автор -

Сооронбай Жээнбеков кечээ, 21-январда Түркия Республикасынын Улуу улуттук жыйынын депутаттары Джевдет Йылмазды жана Лютфи Элванды кабыл алды.

Стратегиялык кызматташуунун Жогорку кеңешинин жыйынынын жыйынтыктары боюнча Кыргызстандын Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков менен Түркия Мамлекет башчысы Режеп Тайип Эрдогандын ортосунда жетишилген келишимдерди ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков эки тараптуу стратегиялык кызматташтыкты өнүктүрүүдө эки өлкөнүн парламентчилеринин ролун өзгөчө белгиледи.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү