24-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -

24-январда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы бир аз жогорулайт.  Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8, күндүз 1…6,

Талас жергесинде түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…5,

Баткен, Жалал-Абад, Ош аймактарында түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -6…-11, күндүз -2…+3,

Нарын облусунда түнкүсүн -18…-23, күндүз -5…-10,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -25…-30, күндүз -10…-15 градус болот.

Бишкек шаарында туман түшүшү ыктымал. Абанын табы түнкүсүн -3…-5, күндүз 3…5 градус жылыйт. Жаан-чачын болбойт.

 

Бөлүшүү