Кара деңизде өрттөнүп кеткен кемелер АКШнын санкциялык тизмесинде болгон

Автор -

Кара деңиздин Керч кысыгына жакын бөлүгүндө Танзаниянын желеги менен баратып өрттөнүп кеткен «Канди» жана «Маэстро» кемелери АКШнын санкциялык тизмесинде болгон. Бул тууралуу Reuters агенттиги кабарлады.

Маалыматка караганда, «Мактрен-Нафта» деп аталган газ терминалынын ээлери «Маэстро» кемесинин Краснодар аймагындагы Темрюк портуна жакындоосуна тыюу салышкан. Буга байланыштуу санкциялык тизмеге мурунку «Венис» деген аталышы менен киргизилген «Канди» кемеси портко барып, 30 миң баррель суюлтулган газ жүктөп жолго чыккан. Жээктен 15 милль алыстагандан кийин ал жүгүн «Маэстро» кемесине жүктөөгө аракет кылып жатканда өрт чыккан.

Кемелер Сириядан мунай ташыгандыгы үчүн АКШнын санкциялык тизмесине былтыр киргизилген.

Акыркы маалыматтар боюнча кемелердеги 14 деңиз аскери куткарылган. Дагы 10ну каза болуп, калганы дайынсыз жоголгон. Жалпысынан эки кемеде Түркия менен Индиянын жарандарынан турган 32 киши болгон.

Бөлүшүү