Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 22-январь күнү саат 17:12де Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Баткен районунун Кара-Булак, Газ айылдарында 3 баллга, Бужум айылында 2,5 баллга жана Баткен шаарында 2 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.