III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын улуу жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 18-январда «Фрунзе» ресторанында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын улуу жеңүүчүлөрүн, демөөрчүлөрүн жана өнөктөштөрүн салтанаттуу сыйлоо аземи болуп өттү.
Иш чаранын жүрүшүндө III ДКОнун улуу жеңүүчүлөрүн китепке киргизүү аземи жана улуу балбан Монгуш Айдынга, 1 млн сом (Тыва Республикасы РФ), улуу көк-бөру оюнчусу Турганбек Курманбеке 100 миң сом (Казахстан) жана улуу көк-бөрүчү ат «Спирит» 100 миң сом (аттын ээси Бокомбаев Рамзатбек, Кыргыз Республикасы) акчалай сыйлык тапшырышты.
Ошондой эле Кубатбек Боронов жана Алтынай Өмүрбекова III ДКОну өткөрүүгө салым кошкон демөөрчүлөрдү, өнөктөштөрдү жана III ДКО катчылыгынын кызматкерлерин КР Премьер-министрнин атынан ыраазычылык баракчасы менен сыйлашты.