Президент Кыргызстандын улуттук курама командасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлады

Автор -
308

Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдагы футбол боюнча Азия кубогунда чоң жетишкендиктери, дене тарбиясын жана спортту өнүктүрүүгө, республиканын квалификациялуу спортсмендерин даярдоого кошкон зор салымы жана футболго чексиз берилгендиги үчүн «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынын президенти Султанов Семетей Алымбаевич «Даңк» медалы менен, Кыргыз Республикасынын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Крестинин Александр Сергеевич «Данакер» ордени менен жана «Дордой» спорт клубунун президенти Салымбеков Аскар Мааткабылович III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланышты.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын футбол боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Байматов Азамат Асилбекович, Кашуба Валерий Юрьевич, Кичин Валерий Сергеевич, Люкс Виталий Валентинович, Мурзаев Мирлан Абдраимович «Даңк» медалы менен сыйланышты.

Кыргыз Республикасынын футбол боюнча улуттук курама командасынын врачы Исмаилов Нурбек Ирискуловичке «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы» деген ардактуу наам ыйгарылды.

Кыргыз Республикасынын футбол боюнча улуттук курама командасынын тактика боюнча машыктыруучусу Кудренко Игорь Николаевичке «Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер» деген ардактуу наам ыйгарылды.

Кыргыз Республикасынын футбол боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Бернхардт Эдгар Андреевич, Жыргалбек уулу Кайрат, Землянухин Антон Александрович, Исраилов Ахлидин Шукурович, Матяш Павел Викторович, Сидоренко Павел Валерьевич, Сыдыков Азиз Мухамедович, Тего Дениэл Нии Армах Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланышты.

Команданын башка мүчөлөрү Абдурахманов Одилжон Алишерович, Акаев Эржигит Суеркулович, Акималиев Калысбек Акималиевич, Акматов Айзар, Алыкулов Азамат Джумабекович, Асан уулу Айткожо, Ахмедов Муролимжон, Бабынин Игорь Робертович, Батырканов Эрнист Муратович, Гуреев Дмитрий Юрьевич, Джалилов Закир Диляверович, Дуйшобеков Бахтыяр, Кадырбеков Кутман Кадырбекович, КозубаевТамирлан Омуралиевич, Майер Виктор Александрович, Мусабеков Фархат Мусабекович, Ракишев Канат Дженишбекович, Рустамов Турсунали Хаитмахаматович, Сагынбаев Бекжан Тал антбекович, Сало Владимир Геннадьевич, Самсалиев Талант Авкалиевич, Синегубов Павел Андреевич, Фролов Евгений Александрович, Южанин Николай Николаевич, Юсупов Мустафа Гуруглиевич Кыргыз Республикасынын Президентинин энчилүү сааттары менен сыйланышты.

Бөлүшүү