Жогорку Кеӊеш транспорт жана жол министри кызматына Жанат Бейшеновдун талапкерлигин жактырды

Автор -

Жогорку Кеӊеште Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Д.Абылгазиев тарабынан Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министринин кызмат ордуна дайындоого жактыруу үчүн сунуш кылынган Бейшенов Жанат Саматовичтин талапкерлиги каралды. Ал өз каалоосу менен отставкага кеткен каржы министри Жамшитбек Калиловдун ордуна көрсөтүлүүдө.

Талапкерди депутаттарга биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов тааныштырды. Анын айтымында, талапкер буга чейин өзүн транспорт жана коммуникация тармагын өнүктүрүү жаатында кесипкөй жана тажрыйбалуу кызматкер катары көрсөтө алды. «Жанат Бейшенов өлкөнүн транспорт жана жол тармагын жетектеп кете аларына толук ишенем», — деди ал.

Депутаттар азыр Транспорт жана жол министрлигиндеги абал өтө оор экенин белгилөө менен бирге, анда жедеп тамырлап калган коррупциялык көмүскө схемалар орун алганын, паракордук жосундар жоюлмайынча министрликтин иши оӊолбой турганын айтышты. Алардын пикиринде, жолдун сапаты жакшырса, көзөмөл күчөтүлсө, анда жол кырсыктарынын абалы да кыйла азаят.

Талапкер Жанат Бейшенов жоопкерчиликти сезип турганын айтты. Ал жаӊы кызмат ордуна дайындалып калса, министрликтеги коррупциялык жосундарды жоюу боюнча иштиктүү чараларды көрүүгө, тендерлердин өтүшүнө, бюджеттик каражаттын сарамжалдуу жана өз багытында пайдаланышына көзөмөлдү күчөтүүгө убада берди.

Добуш берүү жыйынтыгында депутаттардын басымдуу бөлүгүнүн колдоосу менен министрлик кызмат ордуна дайындоого Жанат Бейшеновдун талапкерлиги жактырылды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынды.

Жогорку Кеӊештин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева жалпы депутаттардын атынан Жанат Бейшеновду эл өкүлдөрүнүн ишенимине ээ болушу менен куттуктап, анын ишинде ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, Жанат Бейшенов 1970-жылы Бишкек шаарында туулган. Жогорку билимдүү, 1993-жылы Кыргыз архитектура-курулуш институтун инженер-куруучу адистиги боюнча бүтүргөн. Кыргыз, орус, англис, чех тилдерин билет. КУУда окутуучу, КР Өкмөтүнүн аппаратында, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде иштеген.