Жол министри Бейшенов барбы өзү?

Автор -

Түндүк менен түштүктү бириктирген Кусеин Көльбаев атындагы туннель бар экенин баарыбыз эле билебиз. Ошол туннелдин абалына кызыгып койгон киши жок. Жаӊы келген жол министри Жанат Бейшенов каякты карап олтурат? «Жаӊы дем, жаӊы күч менен иштейм» — деп келгенден кийин, жогору жактан ишеним көргөзүлсө, ошол берилген ишенимди актабайбы? Өзүнүн да, өкмөттүн да ишин артка тартпай. Министрликтин алдында Бишкек-Ош дирекциясы бар эле, бүгүн барбы?

Эмне иш кылып жатышат? Иштешеби же туннелдин жолу талкаланып, унаалар өтө албай калган абалга келип, айдоочулар Ак үйдүн алдына митингге чыкканда аракет жасашабы? Андайга абалга жеткирбей эле кыла турган ишиӊерди кылгыла да. Дегенибиз болгону 2,7 чакырым туннелдин абалы оор.

Ичиндеги ис газдарды тазалоочу вентиляторлор начар иштеп, унаа көбөйгөндө ичи туман. Ал аз келгенсип жолунун абалы койчунун жаман чапанындай болуп жүз жамачы. Көзөмөлдөгөн жан жокпу урматтуу министр мырза? Айдоочулардын нааразычылыгы күндөн-күнгө күчөп жатат. Алдыда Талас облусунда көчмөндөр оюндары өтөт. Таласка да ушул туннель аркылуу өтөөрүн билесиз. Ошондуктан, калктын каарына калбай арыдан бери кылыӊыз министр Бейшенов мырза.

Булак: «Факты.kg» гезити. №23 (23). 11-июнь, 2019-жыл.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү