Бүгүн 29-январь күнү саат 12:16 чамасында Баткен облусунун аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жер титирөө Кадамжай районунун Жаны-Жер айылында 3 баллга, Кадамжай районунун Сары-Өтөк, Кыргыз-Кыштак, Кара-Тумшук, Кайтпас айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.