Президент: Тоо-кен өнөр жайын өнүктүрүүгө коррупциялык тоскоол болуп жатат

Автор -

«Тоо-кен өнөр жайын өнүктүрүүгө жана кошумча инвестицияларды  тартууга коррупциялык жол менен лицензия берүү практикасы тоскоол болуп жатат „, — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2019-жылдын 30-январында, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин жыйынында. Анда ‚Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө‘ маселе талкууланууда.

Мамлекет башчысы жер казынасын сактоо,  жаратылыш байлыктарын коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу — улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун артыкчылыктуу багыттардын бири экенин баса белгиледи. Азыркы учурда тоо-кен казуу тармагынан  республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге 12 миллиард сомго жакын  киреше түшөт.  Бул ички дүң продуктунун 8 пайызына жакын жана өнөр жай продукциясынын көлөмүнүн 44 пайызын түзөт. Өлкөнүн 18 миңден ашык жараны тоо-кен казуу тармагынын өндүрүш ишине тартылган. Тоо-кен өнөр жайынын негизин алтыÐ ½ кен тармагы түзөт, чет элдик компаниялардын инвестициялары  негизинен ушул, алтын казуу  багытында болуп жатат.

“Тилекке каршы, жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө коопсуздукту камсыз кылуу маселелерине тийиштүү көңүл бурулган эмес. Тескерисинче, жер казынасын пайдалануу чөйрөсү акырындап мамлекеттик көзөмөлдөн чыгарыла баштаган. Натыйжада азыркы учурда тоо-кен өнөр жай жана жер казынасын пайдалануу боюнча тармактарда курч маселелер жаралды», — деди Президент жана алардын айрымдарына токтолду.

Бул — айрым мамлекеттик органдарга, айрыкча лицензия-уруксаат берүү системасына терең кирип, тамырлашып кеткен коррупция, тиешелүү иштерди жүргүзбөй, кайра сатуу максатында лицензияларды кармап туруу, экологияны коргоону көӊүл сыртында калтыруу, баалуу дарактардын түрлөрүн кыюу жана кыйылган дарактардын ордун жаңы көчөттөрдү отургузуу жолу менен калыбына келтирүү, өлкөнүн өнөр жай секторунун бир компаниядан — «Кумтөр Голд Компаниясынан» өтө көз каранды болушу, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жергиликтүү бийлик менен кызматташуусу солгун болгондуктан жергиликтүү калктын тоо кен казуу өндүрүшүнө карата пайда болуп жаткан каршылык маанайлары.

«Жергиликтүү бийлик көп учурда кайсы инвесторго кен иштетүүгө лицензия берилип жатканын билбей калат. Натыйжада, калкка түшүндүрүү иштери жүрмөк тургай, жергиликтүү бийлик ошол аймакка инвестиция салууга келген инвестор менен да иштиктүү мамиле түзө албай калган учурлар көп. Мындай өз ара кызматташуунун жоктугу инвестициялык климатка да, жергиликтүү калктын маанайына да терс таасирин тийгизүүдө», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал белгилегендей, Кен чыккан жерлерди иштетүүгө лицензия берүү маселеси —  бул чөйрөдөгү эӊ актуалдуу маселенин бири. Эгемендикти алган жылдардан бери жер казынасын пайдалануу укугуна ээлик кылуучу  лицензиялардын жалпы саны 2 571. Алтын кени чыккан жерлердин  дээрлик баардыгына геологиялык изилдөө жана аны өздөштүрүү үчүн жеке компанияларга уруксат берилген. Бирок, кен чыккан жерлерге уруксат берүүдө, көп учурда, мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыктары эске алынган эмес. Тескерисинче, тар чөйрөнүн, айрым таасирдүү топтордун кызыкчылыктарын коргоо басымдуу болуп кеткен. Анын айынан лицензия берилип, бирок, кен чыккан жерлер өздөштүрүлбөй турган жагдай түзүлдү.

«Жылдан жылга колдо жүргөн лицензиялардын саны өсүшү байкалууда. Бул тармакта кадимки эле алып сатарлыкка жол берилип келген. Жолун тапкандар, коррупциялык схемалар менен лицензияларды алышып, алып-сатарлык баада сатып келишкен, же аны кийин кымбат баада сатуу үчүн өзүндө кармап жатышат. Ошол үчүн мен 2018-жылы лицензия берүүнү кылдат анализдеп, инвентаризация кылууну  тапшырдым. Мунун жыйынтыгында биз ачык-айкындыкка жетишебиз. Бирок, лицензияны кармап калуу үчүн киргизилген төлөм абалды жакшыртууга жардам берген жок. Кенди иштеткенге караганда лицензияны кармап калуу үчүн акы төлөө оңой болууда», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы тоо-кен өнөр жайын өнүктүрүүгө жана кошумча инвестицияларды  тартууга мына ушул, коррупциялык түрдө лицензия берүү практикасы тоскоол болуп жатканын жана тез арада тиешелүү мыйзамдарга кен иштетүү тармагында ачыктык, адилеттик, таза атаандаштыкты камсыз кылууга зарыл болгон өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгын, ал өзгөртүүлөр өлкөнүн инвестициялык климатын оңдоого, инвесторлорго жагымдуу шарттады түзүүгө багытталышы керек экенин белгиледи.

Президент кен пайдалануу маселелерин тескеген Мамлекеттик комитеттин ишине коррупция канчалык терең сиңип кеткенин далилдеген фактыны келтирди.

Ал айткандай, 2009-жылдан 2018-жылдар аралыгында бул мамлекеттик органдын беш төрагасына карата кызматтык жана коррупциялык кылмыштарды жасоо боюнча жазык иштери козголгон. Акыркы 8 жылдын ичинде бул Мамлекеттик комитеттин кызмат адамдарына жана жеке ишкерлерге карата жүзгө жакын кылмыш иши козголгон. Булардын басымдуу көрчүлүгү — коррупцияга малынып, элдин ырыскысына кол салгандар.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле Эл аралык стандарттар боюнча аккредитацияланган компаниялардын сыноо-текшерүү милдеттерин аныктоого байланышкан жагдайга өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

«Атап айтсак, баалуу металлдардын курамын аныктоочу үлгүнү (проба) бир компания алат.  Ал эми лабораториялык изилдөөлөрдү башка компания жүргүзөт. Мындай эки тараптуулук жоопкерчиликти алчу тарапты так аныктабайт. Ошондуктан, Өкмөт бул жагдайды жоюу үчүн тийиштүү чечимдерди кабыл алышы керек», — деп баса белгиледи Президент.

Ал айрым өлкөлөрдө тоо-кен казып алуу тармагы боюнча салыктар 15тен 50 пайызга чейинки өлчөмдү түзөөрүн белгиледи. Ал эми Кыргызстанда  салык жүгү — орточо эсеп менен болгону 8-10 пайызды түзөт.

«Албетте, бул кырдаалды өзгөртүү керек», — деди Мамлекет башчысы.

Ал чын дилинен биздин экономикага каражат салып, кенди иштетүү тармагына келүүнү каалаган ниети таза инвестор үчүн тоскоолдуктардын болуп жатканын белгиледи.  Айрым учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары али ишин баштай элек чет элдик компаниядан мүмкүн болушунча көп пайда алууну  көздөйт. «Буга Макмал кенинин тегерегиндеги иштер ачык далил болот. Жыйынтыгында жергиликтүү эл азабын тартып, ал эми провокаторлор „суудан кургак чыгышып“, жоопкерчиликке тартылбай калып жатышат. Мындай кырдаалдын келип чы гышынын себеби — аткаруу бийлиги, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары калктын арасында жетиштүү деңгээлде түшүндүрүү иштерин жүргүзө алган эмес», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Ал белгилегендей, Укук коргоо органдарынын да кемчилиги бар. Алар провокаторлорду, акциялардын чыныгы уюштуруучуларын  аныктоо жана бөгөт коюу иштерин талап кылынган деңгээлде аткарган эмес. Мындай абалды алдын алуу, болтурбоо жана жоюу боюнча чаралар ыкчам кабыл алынып, кырдаал көзөмөлдөн чыкпашы керек.  Болбосо, бийлик органдарын элге жаман көрсөтүү, инвестициялык климатты бузуу, инвесторлорду чочутуу аракети улана берет. Башкы прокуратура мына ушундай кырдаалды жаратчу маселелерди калыс жана кылдат иликтеш керек.

Мамлекет башчысы ошондой эле соттук процесстер жөнүндө  айтты.

Ал жер казынасын пайдалануу маселелерине байланыштуу иштер боюнча сот практикасы бири бирине каршы келип, бир тараптуу болбой, көп суроолорду жаратып жатканын белгиледи. Бирдей эле фактылар боюнча окшош доо талаптарын кароодо соттор бири бирине такыр карама-каршы чечимдерди чыгарган учурлар бар. Мындай фактылар сот өндүрүшүндө укук колдонуу практикасынын жоктугун жана мыйзамдын ченемдерин бир мааниде чечмелөөнүн болбогондугун көрсөтүп турат.

«Соттор укук колдонуу практикасын изилдеп, талаптагыдай түшүндүрмөлөрдү бериши керек деп эсептеймин. Бүгүн биз жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү көйгөйлөрдү чечүү жолдорун табышыбыз керек», — деп сөзүн жыйынтыктап,  Президент Сооронбай Жээнбеков башка чыгып сүйлөөчүлөргө сөз берди.

Бөлүшүү