Жумабеков Кыргызстанга көрсөткөн колдоосу үчүн АКШнын Өкмөтүнө жана элине ыраазычылык билдирди

Автор -

Кечээ, 29-январда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Дональд Луну кабыл алды.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык байланыштардын учурдагы абалы талкууга алынып, парламенттер аралык кызматташтык маселеси көтөрүлдү.

Төрага Дастанбек Жумабеков алгач элчини Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады.

Ошондой эле Төрага Кыргызстан АКШ менен ар тараптуу кызматташтыкты арттырууга кызыкдар экендигин белгилеп: “Эгемендүүлүктү алгандан бери Кыргызстанга көрсөткөн колдоосу үчүн АКШнын Өкмөтүнө жана элине ыраазычылык билдирем. Берилген жардам мамлекеттүүлүгүбүздү чыңдоого жана өлкөбүздүн демократиялык негиздерин курууга зор салым кошту. Айрыкча, АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (ЮСАИД) менен болгон кызматташтык өз жемишин берип келүүдө. Мындан ары да эки өлкөнүн достук мамилеси жигердүү уланат деген ишеничтемин”, – деп кошумчалады.

Андан тышкары, парламенттер аралык кызматташтык маселесине да токтолгон Дастанбек Жумабеков: “Мыйзам чыгаруу, алардын аткарышын көзөмөлдөө, эң башкысы демократиялык баалуулуктарды өнүктүрүү багытында АКШнын Конгресси менен тыгыз алакада болуу биз үчүн өтө маанилүү. «Демократия үчүн өнөктөштүк» комиссиясынын жана депутаттык достук топторунун деңгээлинде да байланыштарды чыңдообуз кажет”, – деди. Муну менен катар АКШ Конгрессинин китепканасынын алдында иштеп жаткан “Ачык дүйнө” программасынын өнөктөштүктү өөрчүтүүдөгү ролу жогорку экендигин баса белгиледи.

Өз кезегинде АКШнын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Дональд Лу жылуу кабыл алгандыгы үчүн Төрага Дастанбек Жумабековго ыраазычылык билдирип, элчилик ишмердүүлүгүндө Жогорку Кеңеш менен болгон кызматташтыкка өзгөчө басым жасаарын кошумчалады.

“Борбор Азиядагы парламенттик өнүгүү жолун тандап алган Кыргызстан менен бардык багыттагы алаканы арттырууга кызыкдарбыз. Ал үчүн кызматташтык боюнча эки тараптуу макулдашууну кайрадан калыбына келтирүү аркылуу достук мамилени жаңы деңгээлге чыгаруубуз кажет”, – деди.

Мындан сырткары жолугушууда кыргыз жарандары үчүн АКШда виза берүү маселесин жеңилдетүү жана экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу сүйлөшүүлөр болду.

Бөлүшүү