Жанар Акаев Түркиядагы элчи Кубанычбек Өмүралиевдин ишин сынга алды

Автор -
265

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин Түркиядан «Ыйман» фондуна каражат сураганы тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын пикирине кызыкты.

«Өткөндө бир окуя болуп, Түркиянын элчиси «биз силерге мечит салып бергенбиз. Жардам берип атабыз» деп айтып чыккан. Жардам сурап жүрүп ушундай сөздү угушубуз керек беле? Динге, окутууга кандай каражат кетет? Экономика жана башка маселелер менен иштешибиз керек. Бирок ушул багытка элчибиздин акча сурашы кандай көрүнүш? Бул боюнча мамлекеттин позициясы барбы?»
деди Акаев.

Парламенттин 16-октябрдагы жыйынында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Зайырбек Эргешов эл өкүлүнүн суроосуна жооп берип, элчинин сөзү массалык маалымат каражаттарында туура эмес чагылдырылып калганын айтты:

— Буга чейин Түркия «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фондуна өз демилгеси менен жардам көрсөткөн. Массалык маалымат каражаттарында маалымат туура эмес берилип калды. Себеби бул эки өлкөнүн ортосундагы келишим боюнча Түркия жардам берүү тууралуу демилге көтөргөн. Элчи мырза ушул жөнүндө сөз кылса керек.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркия мамлекетинин президентинин алдындагы Дин иштери боюнча башкармалыктын төрагасы Али Эрбаш менен жолуккан учурда Түркиядан Кыргызстандагы «Ыйман» фондусу үчүн 5 млн. АКШ долларын сураган. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдаган.

Бул каражат «Ыйман» фондунун 2019-2022-жылдары Кыргызстандагы диний кырдаалды изилдөө, медреседеги диний билим берүүнү реформалоо боюнча долбоорлорго бөлүнүүчү түрк грантынын экинчи траншы болуп эсептелет.

Элчи Кубанычбек Өмүралиевдин маалыматында, 2015-2019-жылдарга түрк тараптан бөлүнгөн 5 млн. доллар имамдарды окутууга, алардын билими менен дараметин көтөрүүгө, стипендияларга, Insan.KG аттуу маалыматтык порталды түзүү сыяктуу долбоорлорго кеткен.

Бөлүшүү