Түркмөнстандын транспорт тармагы менчиктештирилет

Автор -

Түркмөнстандын транспорт инфраструктурасынын көпчүлүк бөлүгү менчиктештирилет.

Өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун 30-январда жарыяланган жарлыгында мындай чара өлкө экономикасынын атаандаштыкка туруктуулугун бекемдөөгө, инвестицияларды тартууга, ошондой эле кичи жана орто бизнести колдоого багытталганы жазылган.

Мамлекет башчы юстиция министрине өлкөнүн транспорт тармагынын түзүмүн өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгууга үч айлык убакыт берди. Ошол эле маалда президент менчиктештирилген тармакка чет өлкөлүк компаниялардын инвестиция салуусуна уруксат берилер-берилбесин тактап айткан жок.

61 жаштагы Бердымухамедов бийликке 2006-жылы, өлкөнүн мурдагы президенти Сапармурат Ниязов каза болгондон кийин келген.

Бөлүшүү