Мухаммедкалый Абылгазиев Алматыга учуп кетти

Автор -

Мухаммедкалый Абылгазиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨАК) кезектеги жыйынына катышуу үчүн Алматы шаарына жөнөп кетти.

Жыйындын катышуучулары ЕАЭБдин эң актуалдуу маселелерин карашмакчы. Жыйын эртең, 1-февралда өтөт.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.

Мындан тышкары, иш сапардын алкагында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин «Ааламдашуу рухундагы санарип күн тартиби 2.0» форумунун пленардык сессиясына катышуусу пландалган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү