Жалал-Абад облусунда штабдык машыгуу өткөрүлдү

Автор -
203

Кечээ, 30-январь күнү  Жалал-Абад облусунда “Өзгөчө кырдаал  коркунучу пайда болгондо жана катталганда Жарандык коргонуу жаатындагы   иш-чараларды  уюштуруу” деген   темада  штабдык  машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник Абдулнасир Закиров билдиргендей, аталган машыгуу Жалал-Абад  облусунун  Жарандык  коргонуу  боюнча  2019-жылдын даярдык иш мерчеминин негизинде,   КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын  бөлүмдөрүнүн жана  райондук, шаардык бөлүмдөрүнүн кышкы окуу мезгилинин башталышы менен өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу, ошондой эле ар дайым күжүрмөн даярдыгын күчөтүү, коюлган милдеттерин так аткарылышын камсыз кылуу  максатында өткөрүлдү.

    “Машыгууга  КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын бөлүмдөрү, райондук жана    шаардык бөлүмдөрү тартылып, областын аймагында өзгөчө кырдаалдардын коркунучу пайда болоордо жана болгон учурда кырсыктан сактоо жана кечиктирилгис иш-чараларды  аткарууну, уюштурууну жүргүзүү, өзгөчө кырдаал учурунда биринчи аракеттенүүчү ыкчам топтордун түзүлүшүнө жана иш аракеттерине баа берүү,  Жарандык коргонуу күчтөрүнүн чечимдерин кабыл алуу жана иш кагаздарын иштеп чыгуу, кырсыктан сактоо жана кечиктирилгис иш-чараларын өткөрүү убагында өз ара тыгыз  байланышын түзүүнүн негизинде иш жүргүзүп, Жарандык коргонуу күчтөрү менен камсыз кылуу ошондой эле  тынчтык мезгилде болгон өзгөчө кырдаалдын кесепетин жоюу иш-чараларын башкарууну уюштуруу жолдорун изилдөө жана өздөштүрүү багытында иштер аткарылды”, — деп билдирди полковник А.Закиров.