Айсулуу Тыныбекова Францияда өткөн турнирде гран-прини утуп алды

Автор -

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Францияда өткөн эркин күрөш боюнча турнирде гран-прини утуп алды.

Маалыматка ылайык, турнир 1-3 февраль күндөрү Франциянын Ницце шаарында өткөн.

Тыныбекова (62 кг) финалда франциялык Полин Лекарпентьени жеңип алды.

Мындан тышкары 76 кг салмактагы эки спортчу Айперии Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова килемге чыгып, Жуманазарова жеңишке жетти. Медет кызы болсо күмүш тагынды.

Бөлүшүү