Астанада өрттөн беш бала каза болду

Автор -

Астанада жеке турак-жайлардын бириндеги өрттөн улам беш бала каза болду. Бул тууралуу бүгүн өлкөнүн Ички иштер министрлигинин алдындагы Өзгөчө кырдаалдар комитети билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, өрт дүйшөмбүгө караган түнү шаардын Шынгыстау көчөсүндөгү үйдө болуп, анын чатыры урап кеткен. Жалын кабар түшкөндөн кийин бир саттын ичинде толук өчүрүлгөн.

Өрт өчүрүү кызматкерлери урандылардын арасынан беш баланын сөөгүн табышкан. Алардын эң кичүүсү бир жашта болсо, улуусу 13 жашта болгон. Өрт тутанган учурда алардын үйдө өзүлөрү гана болгону кабарланууда.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү