Сооронбай Жээнбеков РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушту

Автор -

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-февралда Бишкекке расмий визит менен келген Россия Федерациясынын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушту.

«Биз россиялык досторубуз менен жолугушканга ар дайым кубанычтабыз. Сиздин расмий визитиңиз маанилүү саясий окуянын — Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга мамлекеттик визитинин алдында өтүп жатат», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков, министр Сергей Лавров менен жылуу учурашып.

«Владимир Владимировичтин мамлекеттик визити биздин өлкөлөр ортосундагы түбү бекем тарыхый достугубуздун жана өз ара урматтоонун салттарына негизденген союздаштыгыбыздын жана стратегиялык өнөктөштүгүбүздүн жогорку деңгээлин дагы бир жолу тастыктайт деп ишенем», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Ал Кыргызстандын Евразиялык экономикалык бирликке кириши менен биздин мамилелер кызматташуунун жаңы, сапаттуу деңгээлине көтөрүлгөнүн белгиледи.

«Биздин өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү өсүп бара жатканын канаттануу менен белгилейм», — деди Президент Сооронбай Жээнбеков.

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров анын Бишкекке расмий визити Владимир Путиндин Кыргызстанга мамлекеттик визитин даярдоого, ошондой эле өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынына арналганын белгиледи. Өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны 2019-жылдын 1-мартында өтөт.

«Биз өлкөлөрүбүз ортосундагы союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди, эки тараптуу байланыштарды жана ЖККУ, ЕАЭБ, ШКУ, ЕККУ, БУУ жана башка уюмдардын алкагындагы кызматташтыгыбызды жогору баалайбыз. Бул эл аралык уюмдарда биздин ортобузда тыгыз байланыш жолго коюлган. Биз бүгүн Кыргызстандын тышкы иштер министри менен биздин алдыбызга мамлекет башчылары койгон жана бардык багыттар боюнча туруктуу, ишенимдүү ишти камсыз кылган тышкы саясаттагы бардык милдеттерди кенен-кесир талкуулайбыз», — деп баса белгил еди Сергей Лавров.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын олуттуу маселелери, анын ичинде алдыда боло турган ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жана 2019-жылдагы Кыргыз Республикасынын төрагалыгынын алкагындагы ЖККУнун жамааттык коопсуздук боюнча Кеңешинин жыйындары боюнча пикир алмашуу болду.

Бөлүшүү