Былтыр Тажикстандын 200дөн ашык жараны расмий түрдө чет өлкөлүктөр менен баш кошкон. Бул 2017-жылга салыштырмалуу 30 пайызга көп.
Өлкөнүн Юстиция министрлигинин алдындагы Жарандык актыларды каттоо башкармалыгынан билдиришкендей, өткөн жылы тажикстандыктар чет өлкөлүктөрдүн ичинен баарынан да кыргыз жарандары менен көп (100дөн ашык) үй-бүлө курушкан. Андан кийин Өзбекстан, Орусия, Ооганстан, Иран, Түркия, Түркмөнстан, Казакстан, Украина жана Италия жарандары турушат.
Мекемедеги өз булактардын билдиришинче, кыргыз жарандары менен үй-бүлө кургандардын 95и өлкөнүн кыргыздар эң көп жашаган Жергетал районунун тургундары болуп эсептелет.
«Алардын көбү тарыхый мекенине көчүп кетүүнү каалашат. Бул үчүн кыргызстандыктар менен үй-бүлө куруу жакшы мүмкүнчүлүк болуп берет», — деп белгиледи булак.
2011-жылы тажик парламенти өлкөнүн Үй-бүлөлүк кодексине бир нече өзгөртүүлөрдү киргизген. Аларга ылайык, тажик кыз-келиндерине үйлөнүүнү каалаган чет өлкөлүктөр негизги үч шартты аткарышы керек: өлкө аймагында кеминде бир жыл жашоо; никеге турганга чейин нике келишимине кол коюу; өмүрлүк жарын турак-жай менен камсыз кылуу.
Өлкө бийлиги мындай чектөөлөр жубайлар ажырашып кеткен учурларда тажик жарандарынын мүлккө болгон укуктарын коргоого байланыштуу киргизилгенин билдирип келет.
2017-жылы БУУнун Расалык басмырлоону жоюу комитети тажик бийлигинен бул чектөөлөрдү алууну талап кылган. Комитеттин баяндамасында мындай чектөөлөр адамдын негизги укуктарын, анын ичинде жубай тандоо укугун олуттуу буза турганы жазылган.