Биринчи нике түндөн корккон жигиттерге кеңеш

Автор -
13444

Той бүттү. Келинчегиңиз бөлмөдө күтүп отурат. А сиз эми эмне кылышты билбей босогодо турасыз. Элестеттиңизби?

Биринчи нике түндө жаш жубайлар бири-бири менен жаңыдан таанышат. Толкундануу менен коркуу кимдин гана болбосун тынчын алат. Айрыкча, өмүрү жыныстык катнашта болбогон жигиттер өздөрүн жоготуп коюшу мүмкүн.

Дал ушул мырзалар үчүн биринчи нике түндөн ырахат алууга жардам берген кеңештерди тизмектеп чыктык.

  1. Өнөктөшүңүздүн пикирин угуңуз

Сезимдериңизди, толкунданууңузду ачык айтуудан коркпоңуз. Балким жубайыңыз да тынчсызданып жатат. Ачык сүйлөшкүлө. Эми силер өмүрлүк шериксиңер, ортоңордо жашырчу эч нерсе болбошу керек. Сиз секс жөнүндө ойлонсоңуз, жубайыңыздын оюу башкада болушу мүмкүн, анын макулдугун сураңыз. Балким, ал биринчи нике түндө жыныстык катнашка баргысы келген жок. Балким, тойдон кийин экөөң тең катуу чарчадыңар.

  1. Жеке гигиена өтө маанилүү

Изилдөөлөргө таянсак, аялдар таза, өзүнө кам көргөн, жагымдуу жыттанган эркектерди каалайт. Андыктан, жыныстык катнашка барар алдында, деги эле дайыма жуунуп, гигиенаны сактап жүрүүнү унутпаңыз. Бул ден соолук үчун да маанилүү.

  1. Дароо ишке өтпөңүз

Жубайыңыз менен сүйлөшүңүз, “мындай кылсам болобу” деп сураңыз, өбүңүз, сылаңыз, кучактаңыз. Ишке өтөөрдөн мурун бир аз убакыт эс алып, сезимдериңер же тоюңар тууралуу сүйлөшсөңөр да болот.

  1. Анатомияны жана жыныстык катнаш тууралуу китептерди окуңуз

Өзүңүзгө болгон ишенимди жогорулатуу үчүн аялдардын анатомиясы тууралуу маалымат алып койсоңуз ашыкча болбойт. Сатыкта жыныстык катнаш тууралуу китептер толтура. Интернеттеги ар кайсы маалыматтарга ишене бербеңиз. Мүмкүнчүлүгүңүз болсо, сексологго барып кеңеш алыңыз.

  1. Жынысттык катнашка барчу жер өтө маанилүү

Биринчи нике түнүңүз өтчү жердин жасалгасына жакшылап көңүл буруңуз. Өнөктөшүңүзгө жакшы маанай тартуулоо үчүн шам жагыңыз, жай музыка коюңуз, роза гүлүнүн желекчелерин себелеңиз. Туугандарыңызды, досторуңузду жана башка ашыкча адамдарды сыртка чыгарып коюңуз! Экөөңөргө эч ким тоскоол болбой тургандай атмосфера түзүңүз.

  1. Идеалдуу эч нерсе жок

Албетте, биринчи нике түндө баары идеалдуу болушун каалайсыз. Бирок, бул чанда гана кездешет. Эгер эрекция жок болсо же уругуңуз бат эле түшүп калса, таң калбаңыз. Анын себеби — катуу чарчоо же стресс болушу мүмкүн. Өзүңүздү бош кое берип, көп ойлоно бербей, учурдан ырахат алыңыз.

  1. Келинчегиңиз оргазм албаса, өзүңүздү күнөөлөбөңүз

Биринчи түндө аялыңызга эстен кеткис сезим тартуулагыңыз келет. Бирок, ал оргазм алалбай калса, өзүңүздү күнөөлөбөңүз. Бул тууралуу ачык сүйлөшүп, «Кандай болгондо жагат?», «Ооруткан жокмунбу?», «Эмнени каалап жатасың?» — деп сураңыз, өзүңүздүкүн айтып бериңиз. Адамдар ар бир жыныстык катнаштан оргазм ала бербейт. Бири-бириңерге көнүп, изилдөө үчүн убакыт керек.

  1. Биринчи нике түн — дайыма эле секс эмес

Кинолор же салттар биринчи нике түндө жубайлар сөзсүз кошулушу керек деген ойду таңуулашат. Бул чындыктан алыс турат. Көптөгөн жубайлар биринчи түндө жыныстык катнашка барбайт. Андыктан, нике түнүңүз секс менен аяктабай калса, капа болбоңуз.

Булак:»bilesinbi.kg» сайты.

Бөлүшүү