6-февралда абанын температурасы кескин төмөндөп кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй жана Талас облустарында түнкүсүн -6…-11, күндүз -5…-10,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…-7, күндүз -1…+4,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…-5,
Нарын жергесинде түнкүсүн -13…-18, күндүз -8…-13,
Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -28…-33°
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -25…-30, күндүз -12…-17 градус болот.
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -33…-38°, күндүз -13…-18°
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -8…-10, күндүз -7…-9 градус болот.