Орусия Тажикстандын тышкы саясатында өзгөчө орунга ээ

Автор -

Тажик-орус мамилелеринин ырааттуу өнүгүшү өлкөнүн сырткы саясатында өзгөчө мааниге ээ. Бул тууралуу 5-февралда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Душанбеге иш сапар менен барган Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолуккан маалда билдирди.

Тажик президентинин басма сөз кызматы кабарлагандай, жолугушуунун жүрүшүндө саясий интеграция, аймактык коопсуздук, терроризмге каршы күрөш, мамлекеттик чек араларды коргоо, Ооганстандагы абал, тажик армиясын модернизациялоо өңдүү маселелер талкууланды.

Мындан тышкары тараптар Тажикстанда орус мектептерин ачуу, аларга орусиялык мугалимдерди тартуу жана мигранттардын шарттарын жакшыртуу тууралуу сөз кылышты. Ошондой эле тажик президентинин Орусияга пландалган сапарынын программасы талкууланды. Азырынча Эмомали Рахмондун сапарынын так күнү белгисиз.

Иш сапарынын алкагында Сергей Лавров тажик кесиптеши Сирожиддин Мухриддин менен дагы сүйлөшүүлөрдү өткөрөт деп күтүлүүдө.

Бөлүшүү