Чоң-Алай районунда кар көчкү түшүп, 2 адам отурган унааны басып калды

Автор -

Чоң-Алай районунда кар көчкү түшүп, 2 адам отурган унааны басып калды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 5-февраль күнү саат 18:40 чамасында жана  саат 19:34 чамасында Дароот-Коргон айылында катары менен эки жолу кар көчкү түшүп  Деу Матиз унаасын басып калган. Унаанын ичинде 2 адам болгон.

«Унаанын ичинде 2 адам болуп, ал №16 ЖТИ кызматкерлери тарабынан унаадан чыгарылган. Ал эми кар көчкү басып калган Деу Матиз унаасын куткаруучулар чыгарууга жардам беришкен. 2 адам өздөрүнүн унаасында үйлөрүнө кетишкен»,-деп айтылат маалыматта.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү