Президент Владимир Путин менен сүйлөштү

Автор -

Бүгүн, 7-февралда, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчылары эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашып, буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча жана ошондой эле Владимир Путиндин Кыргыз Республикасына боло турчу мамлекеттик сапары тууралуу пикир алмашышты.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү