Бишкекте балдар биринчи класска электрондук жазылуу аркылуу кабыл алынат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйынында билдирди.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 15-февралынан тарта борбор калаада «Мектепке электрондук жазылуу» долбоору ишке кирет. Бул долбоор – мектеп курагына — 6-7 жашка жеткен балдарды мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү мекемелерине жазылуусун автоматтык түрдө жүрүүсүн камсыздаган маалыматтык система.
Ошону менен бирге бул система балдарды биринчи класска кабыл алууда коррупциялык схемаларды азайтат.
Электрондук кезек тууралуу суроолорду жана документтерди кабыл алуу үчүн 0800 800 8888 номуру иштеп жатат. Документтерди кабыл алуу 13-февралдан башталат.