Кыргызстандыктар «Ак шоола» сериалынын сюжетине нааразы болушууда (видео)

Автор -
355

Социалдык түйүн колдонуучулары былтыр күзүндө Коомдук биринчи каналда көрсөтүлө баштаган «Ак шоола» аттуу сериалдагы ала качуу көрүнүшүнө нааразылыктарын билдирип жатышат.

Сериалдын сюжетине ылайык, каармандардын бирин ала качып кетишип, жыйынтыгында ал ала качкан адамды жакшы көрүп, аны менен жашап калат. Сериалдын жаратуучулары ала качуу «кыргыз элинин байыркы салты» экенин айтышууда.

Бирок социалдык түйүн колдонуучулары бул пикир менен макул эмес. Алар тасма жаратуучуларын ала качууну жакшы өңүттө көрсөтүп, кылмышты колдоп жатат деп айыпташты. Бүгүнкү күндө көрүүчүлөрдүн көбү тасманын эфирден көрсөтүлүшүнө кандайча уруксат берилгенине түшүнбөй турган чактары. Активисттер болсо учурда бийликке кайрылуу даярдап жатышат. Алардын пикиринде, «Ак шоола» мындан ары эфирден көрсөтүлбөшү керек.

«Ак шоола» – Кыргызстандагы алгачкы сериалдардын бири. Ал мамлекеттик КТРК телекомпаниясынын каражаты жана күчү менен жети айдын ичинде тартылган. Жаратуучулар сериалга канча каражат кеткенин айтышкан жок, бирок ырасталбаган маалыматтарга караганда ага 250 миң доллар жумшалган.

Сериалдагы журналист кыздын тагдыры миллиондогон адамдарды кызыктырып, тасманын өзүнүн рейтинги жогору болду. Бирок көрүүчүлөрдүн көбүн анын сюжети таң калдырды. Экинчи пландагы каармандардын бирин ала качып, аны турмушка чыгууга мажбурлашкан. Ага күйөөсү бир нече жолу кол көтөрүп, сабаган. Бирок кыз курбусу менен сүйлөшкөндөн кийин анын жашоосу жакшы жакка өзгөрө баштайт.

 

Бөлүшүү