Аламүдүн районунда турак жайдан өрт чыгып, 19 жаштагы жаран жаракат алды

Автор -

Аламүдүн районунда турак жайдан өрт чыгып, 19 жаштагы жаран жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жеңиш жаңы конушунун Эркиндик көчөсүндө жыгач устундуу  темир менен жабылган 85  чарчы метр турак үйдүн чатыры, документтер жана тиричилик буюмдары күйгөн.

Өрттүн кесепетинен  19 жаштагы К.Э. аттуу жаран бутунан жаракат алып, тез жардам кызматкерлери тарабынан ооруканага жеткирилген.

«Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда»,-деп айтылат маалыматта.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү