Кадамжайдан уурулук кылып качып жүргөн шектүү Бишкектен кармалды

Автор -

«Кадамжай районунун Орозбеков айылындагы 44 жаштагы тургундун үйүнө үй ээсинини жоктугунан пайдаланып, 2018-жылдын ноябрь айынан 2019-жылдын 3-январына чейинки аралыкта белгисиз атуулдар үйдөн үй- тиричилик каражаттарын уурдап, изин жашырып кеткен»,-деп билдирди Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, жабырлануучу 200000 сом өлчөмүндө зыянга учураган.

Кадамжай РИИБнүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, шектүү катары Бишкек шаарында качып жүргөн жеринен ошол эле айылдын тургуну 28 жаштагы А.Т. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү