КСДП өкүлү Кундуз Жолдубаеваны бүгүн камап коюшу мүмкүн

Автор -
248

КСДП төрайымынын орун басары Кундуз Жолдубаеваны бүгүн 48 саатка камап коюшу мүмкүн. Бул тууралуу Facebook социалдык тармагында партия мүчөсү Кундуз Ажыбекова билдирди.

Эскерте кетсек, Кундуз Жолдубаева бүгүн, 16-декабрда эртең менентен бери ИИМдин Тергөө башкармалыгында суракта болчу. Ал 7-8-августта Кой-Ташта болгон башаламандык боюнча ачылган иште күбө катары өтүп жаткан.

Буга чейин анын жактоочусу Замир Жоошев суракта анын макамын күбөдөн шектүүгө өзгөртүп, камап коюу аракеттери болушу мүмкүндүгүн билдирген.

Учурда ИИМ имаратынын алдына Кундуз Жолдубаеванын тарапташтары, КСДП мүчөлөрү чогулуп жатканы кабарланууда.