Сирияга үй-бүлөсү менен кеткен эл аралык террористик уюмдун мүчөсү кармалды

Автор -

«Ушул жылдын 9-февралда Кыргыз Республикасынын УКМК менен ИИМ биргеликте эл аралык террористтик уюмдардын (ЭТУ) жана согушкерлердин КР аймагына кирүүсүнө бөгөт коюу максатында өткөрүлгөн контртеррористтик иш-чараларынын алкагында 1991-ж.т. КР жараны кармалды»,-деп билдирди УКМКнын маалымат кызматы.

Такталгандай, 2014-жылы Р.У. чет өлкөдөгү диний мекемелерден билим алып жатып, ЭТУ көзөмөлүнө түшүп жана үй-бүлөсү менен биргеликте Сирияга кеткен.

Кармалган адам ЭТУ лагерлеринин биринен  аскердик машыгуудан өтүп жана Сирия Араб Республикасынын өкмөттүк күчтөрүнө каршы согуштук чыр чатака катышкан.

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын тергөө органдары тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 243-беренеси (Кыргыз Республикасынын жаранынын чет өлкөлүк мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук даярдыктан өтүүсү) боюнча каралган кылмыштардын негизинде кылмыш иши козголду.

Кармалган адам камакка алынды. Учурда тергөө жүрүп жатат.