Таш-Дөбө айылындагы өрт кырсыгынан 2 жаш бала жана 1 аял каза болду

Автор -

Таш-Дөбө айылынын Октябрь көчөсүндө жыгач устундуу пластик жабылган жалпы аянты 100 чарчы метр кампанын, времянкасы күйгөн. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен 3 адам каза болгон. Алар А.М.Д. 1985-жылы туулган аял киши жана 2017-жылы туулган  К.М.И.,  2009-жылы туулган К.Е.И. — жаш балдар.

Келтирилген материалдык чыгымдар жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Ал эми жергиликтүү тургундар «SAAT.KG» маалымат агенттигине өрт өзүн-өзү өлтүрүү максатында уюштурулганын билдиришти.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү