ЖКда Эсептөө палатасынын аудиторлугуна шайланган Зарылбек Сатаев ант берди

Автор -
303

Жогорку Кеӊеште жаӊыдан Эсептөө палатасынын аудиторлугуна шайланган Сатаев Зарылбек Апасович ант берип, өздөрүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришти.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан Зарылбек Сатаевди ант берүү аземи менен куттуктап, алардын ишинде ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, «Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө» мыйзамдын талабына ылайык, жаӊыдан шайланган аудитор парламентте ант бергенден кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.