Ош облусунунда жер титирөө катталды

Автор -

Кыргыз Республикасынын Улууттук илимдер академиясынын Сеймология институтунун маалыматына ылайык, 14-февралда, саат 6:28де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Кара-Суу районунун Талдык, Тээке, Лаглан айылдарында  4 балл, Папан, Алга-Бас, , Кызыл-Туу, Бек-Жар, Каблан-Көл жана башка айылдарында  3,5 балл, Алай районунун борборунда жана Чайчы, Тогуз-Булак, Арпа-Тектир, Мурдаш жана башка айылдарда 3 балл болду.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү