Эртең, 15-февралда көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз -1…+4;
Таласта түнкүсүн 0…-5, күндүз -1…+4;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 5…10;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…-5;
Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -4…-9;
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан, кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2°, күндүз 1…3° болот.