Блумберг шайлоодо Трамптын атаандашын колдоо үчүн 500 миллион доллар бөлөт

Автор -

Bloомberg компаниясынын негиздөөчүсү, Нью-Йорктун мурдагы мэри, миллиардер Майкл Блумберг 2020-жылкы президенттик шайлоодо Дональд Трамптын атаандашын каржылоо үчүн 500 миллион доллар жумшоого ниеттенүүдө. Бул тууралуу Politico басылмасы Демократиялык партиядагы өз булактарына таянып жазды.

Кийинки шайлоого Трамптын атаандашы катары миллардер өзү да катышып калышы мүмкүн. Азырынча Блумберг Демократиялык партиянын атынан АКШ президенттигине талапкерлигин коёр-койбосу боюнча чечим кабыл ала элек. Бирок Politico басылмасынын булактары Нью-Йорктун мурдагы мэри азыркы президенттин жеңилиши үчүн мындан дагы көп акча коротууга даяр экенин билдиришкен. 500 миллион доллар Дональд Трамптын 2016-жылкы шайлоо өнөктүгүнө жумшаган жалпы чыгымдарынан 175 миллионго көп.

«500 миллион — бул болжол менен Блумбергдин жалпы байлыгынын 1 пайызы. Ал акыркы жолу Нью-Йорктун мэрлиги үчүн ат салышканда шайлоо өнөктүгүнө 100 миллион доллар короткон. Нью-Йоркто Американын жалпы калкынын болгону 3 гана пайызы жашайт. Ошондуктан жалпы улуттук өнөктүк үчүн 500 миллион коротуу ал үчүн анча деле көп эмес», — деди анын жардамчысы Кевин Шики.

Блумбергдин айтымында, ал президенттикке талапкерлигин коёр-койбосу боюнча акыркы чечимди өзүнүн жеңишке жетүү мүмкүнчүлүктөрүнө карап кабыл алат.

Бөлүшүү