Жумага карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -

Эртең, 15-февралда көпчүлүк аймактарда жаан,  тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз -1…+4;

Таласта түнкүсүн 0…-5, күндүз -1…+4;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 5…10;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…-5;

Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -4…-9;

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан, кар жаайт.  Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2°, күндүз 1…3° болот.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү