Бүгүн Президент Баткен жана Жалал-Абад облустарына барат

Автор -

Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарына иш сапарларын улантууда. Бүгүн, 20-февралда Мамлекет башчысы иш сапары менен Баткен облусуна, эртең, 21-февралда Жалал-Абад облусуна барат.

Иш сапардын алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков Баткен облусунун Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын жашоочулары жана ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун жашоочулары менен жолугушат.

Мындан тышкары, Мамлекет башчысы бул аймактардагы  инфраструктуралык, социалдык,  өндүрүштүк жана билим берүү объектилери менен таанышат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү