Коррупцияга каршы кызматтын жасалма күбөлүгүн колдонуп жүргөн киши кармалды

Автор -

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 20-февралда өзүн Коррупцияга каршы кызматтын өкүлүмүн деп алдап акча алып жүргөн кишини кармады.

Маалыматтарга караганда, 38 жаштагы киши УКМКнын жасалма күбөлүгүн колдонуп, Талас облусу боюнча Жол-эксплуатациялык башкармалыгынын №3 аймактык бөлүмүн мыйзамсыз негизде текшерүүгө аракет жасаган.

Ал маал-маалы менен аймактардагы мамлекеттик мекемелерди текшерип, “мыйзам бузууларды ачыкка чыгарбайм» деген шылтоо менен пара алып турган.

Шектүү Талас ОИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал жалган документ жасоо жана колдонууга айыпталууда.

Бөлүшүү